Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:44

22-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Синоптиктердин айтымында, февралдын жыйырма экисинде күндүз Кыргызстандын айрым аймактарында жаан-чачын болот. Батыш тараптан ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жеткен жел жүрөт.

Республика боюнча абанын температурасы:
Сарыөзөн ЧҮЙдө түнкүсүн -1...-6 градус суук, күндүз +8...+13 градус жылуу.
БАТКЕН, ЖАЛАЛАБАД, ОШ облустарында түнкүсүн 0...-5 градус суук, күндүз +6...+11 градуска жылуу.
ЫСЫККӨЛдө түнкүсүн 0...-5 градуска, ал эми чыгыш тарабы –6дан...-11 градуска чейин суук болот. Күндүз +2...+7 градус жылуу.
ТАЛАС аймагында түнкүсүн -2...-7, айрым жерлерде -11 градуска суук, күндүз +6...+11 градус жылуу.
НАРЫНДА түнкүсүн -19...-24, күндүз -5..-10 градус суук.
БИШКЕК шаарында күн ачык болуп, түнкүсүн -1...-3 градус суук, ал эми күндүз абанын жылуулугу +11...+13 градуска жетет.

Кабарларды Бурулкан Сарыгулова, Бакыт Аманбаев жана дубандардагы кабарчылар даярдашты

Редактор Чолпон Орозобекова

XS
SM
MD
LG