Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:38

Түптө адилет шайлоону талап кылган акция өттү


КАРАКОЛ. Түп райондук мамлекеттик администрациясынын алдына эки жүзгө жакын адам чыгып, алар жергиликтүү бийликтен парламенттик шайлоонун адилеттүү, калыс жана ачык-айкын өтүшүн талап кылышты. Нааразылык акциянын катышуучуларынын пикиринде, эгерде жергиликтүү бийлик ээлери айрым талапкерлерге жан тартып, шайлоо жараянына кийлигишкендерин токтотушпаса, анда адилеттүүлүк, чындык, ачык-айкындуулук үчүн күрөшүшөт. Акциялардын катышуучулары керек болсо Бишкекке чейин жөө жүрүшкө чыгышат, ошондой эле бул акцияны улантаарын билдиришти.
XS
SM
MD
LG