Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:23

Эски паспорту бар атуулдар айрым өлкөлөргө киргизилбейт


БИШКЕК. Кыргыз атуулдарына жаңы үлгүдөгү паспортторду берүү 1-февралдан баштап башталды. Маалымат ресурстар жана технология мамлекеттик агенттигинин башчысы Айдар Мокенов бул тууралуу 21-февралда билдирди. Анын айтымына караганда, бүгүнкү күнгө чейин жаңы паспорт алууга атуулдардан 1600 арыз кабыл алынды. Түшкөн арыздардын ичинен 67 арыз кароого алынып, 33 паспорт жасалды. Жаңы паспорттун баасы 165 сом турат. Ошондой эле Айдар Мокеновдун маалыматына караганда, 1994-жылкы паспорт деле аталган документте көрсөтүлгөн мөөнөттө чейин пайдалана берет. «Бирок айрым өлкөлөр эски паспорт эл аралык стандарттарга ылайык жасалбагандыктан эски паспорту менен барган атуулдарды өз өлкөлөрүнө киргизбей коюшу ыктымал» деп билдирди Айдар Мокенов.

XS
SM
MD
LG