КИЕВ. Бүгүн Украинанын президенти Виктор Ющенко Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровду Киевде кабыл алып, эки мамлекеттин алакасын чыңдоо багытында сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Виктор Ющенконун пикиринде Украина Орусияны экономикалык соода өнөктөрүнүн бири катары баалайт. “Тилекке каршы, биздин эки мамлекеттин өткөн тарыхынын бардык эле учурларын комментарий жасоого болбойт” деди Ющенко “саргылт ыңкылап” маалында Москванын ээлеген позициясын эске салып. Ошентсе да ал орусиялык кесиптеши Владимир Путинди Украинага чакырды. Президент Путиндин сапары марттын аягына белгиленип жатат. Мындан мурда Сергей Лавров менен Украинанын премьер-министри Юлия Тимошенко да жолугушкан болчу. Тимошенко эки мамлекет өз ара пайдалуу мамиле түзүүгө тийиш деп билдирген. Өз кезегинде Сергей Лавров эки мамлекеттин мамилеси өнүгүү жолуна гана негизделиши керек деп айтты.