Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:35

Бишкекте “МСН” гезитин колдоо иретинде акция өттү


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте Өкмөт үйүнүн алдында “МСН” гезитин колдоп, нааразылык акциясы өттү. “Кылым шамы” жана жаштардын “Келкел” уюму өткөргөн ал жыйынга катышкандар эркин гезит саясий тар кызыкчылыктан улам сотко берилип жатканын белгилешти. Мындан мурда “Вечерний Бишкек” гезити “МСН”ди сотко берген болчу. Өткөн аптада президент Аскар Акаев өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн абийирин сот аркылуу коргоо максатында “МСН”ди сотко берээрин айткан. Бүгүн Бишкекте нааразылык акциясына чыккандар бийликтин мындай ниетин парламенттик жана президенттик шайлоолор алдында эркин басма сөздү жана сөз эркиндигин кысымга алуу катары баалашты. “МСН” гезитин премьер-министр Николай Танаевдин арызы менен сот аркылуу жабылган “Моя столица-новости” гезитин чыгарган жамаат негиздеген.

XS
SM
MD
LG