Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:17

Израиль камакта кармап келген 500 палестинди бошотту


ИЕРУСАЛИМ. Бүгүн Израиль камакта кармап келген 500 палестинди бошотту. Бул иш Палестин президенти Махмуд Аббас менен Израилдин премьер-министри Ариэль Шарондун ортосунда буга чейин жетишилген макулдашууга ылайык жасалды. Израилдин аскер полициясынын жетекчиси Микки Барелдин айтымында камактагылар беш башка бөлүп чыгарылды:

– Аскер полицейлери аларды Газа тилкесиндеги жана Батыш жээктеги беш башка көзөмөлдөп-өткөрүүчү чегара түйүндөрүнө чейин узатып коюшту. Бошотууга чейинки алдын ала көрүлгөн даярдыктар ийгиликтүү өттү. Кое берилгенге чейин камактагылар Кызыл крест уюмунун өкүлдөрү менен жолугушкан болчу.

Кечээ Израилдин өкмөтү Газа тилкесиндеги жөөт конуштарынын баарын жана Йордан дарыясынын жээгиндеги төрт айылды көчүрүп чыгып кетүү тууралуу премьер-министр Ариэль Шароондун планын жактырган эле. Ага ылайык жөөт конуштары төрт этап менен 20-июлга чейин көчүрүлүп кетмекчи.

XS
SM
MD
LG