Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:21

Президент Жорж Буш Брюсселге келди


БРЮССЕЛЬ. Кошмо Штаттарынын президенти Жорж Буштун Европадагы беш күндүк иш сапары башталды. Визиттин башкы максаты - Ирактагы согуштан улам Европадагы алдыңкы мамлекеттер менен салкындай түшкөн мамилени жакшыртуу болуп эсептелет. Ал бүгүн Брюсселде сүйлөгөн сөзүндө Америка менен Европанын ынтымагы кандай гана болбосун пикир келишпестик же чыр-чатакты чечүүгө кубаттуу деп билдирди. Буштун айтымында Кошмо Штаттары менен Европа жөөт-палестин чатагын токтотууга болгон аракетин жасайт:

– Биздин эң башкы мүмкүнчүлүгүбүз жана негизги максатыбыз – Жакынкы Чыгышка тынчтык орнотуу. Буга чейинки көптөгөн ийгиликсиз кадам, талкаланган үмүт жана кыйылган өмүрлөрдөн кийин израилдиктер менен палестиндердин ортосундагы чыр-чатакты жөнгө салууга ыңгайлуу шарт түзүлдү.

Президенттин айтымында Кошмо Штаттары менен Европанын достугу жалпы жер бетинин тынчтыгы жана жыргалчылыгы үчүн өтө маанилүү болуп эсептелет. Буш Европа өлкөлөрүн Иракка материалдык, саясий жактан көмөктөшүүнү өтүндү. Америка президенти Жакынкы Чыгыш үчүн маанилүү бир билдирүү жасады. Анын пикиринде Сирия Ливандагы өзүнүн аскерлерин алып чыгып кетүүгө тийиш. Ал ошондой эле, орус бийлигин демократиянын принциптерин сактоого жана мыйзамдын улуктугун сыйлоого чакырды.

Анын аралыгында Европа Биримдигинин тышкы саясатына жоопкер Хавьер Солана биримдик Ирандын өзөктүк программасына байланыштуу маселени сүйлөшүүлөр жолу менен чечүүгө кызыкдар экенин айтты. Солананын пикиринде ядролук программасын ырасмий Тегеран тынчтык багытта колдонууга толук укуктуу. Кошмо Штаттары Ирандын бийлиги жең ичинен атом бомбасын жасап жатат деп Тегеранды күнөөлөп келатат.

XS
SM
MD
LG