Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Айтматов Алматыга барат


БИШКЕК. 24-февралда Алматы шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин жыйыны болот. Ага Кыргызстандан Аскар Айтматов баш болгон делегация катышат. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан 22-февралда маалымдашты. Жыйында ШКУнун эларалык уюмдар менен, өзгөчө АСЕАН жана КМШ менен кызматташуусун жөнгө салуу, Кыргызстан менен Тажикстандагы парламенттик шайлоолору алдындагы абал талкууланмакчы. Андан сырткары регионалдык коопсуздук жана экономикалык кызматташуу маселеси да жыйындын күн тартибинде болмокчу.

XS
SM
MD
LG