Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:07

Маалымат каражаттары үгүт мыйзамдарын бузуп жатышат


БИШКЕК. Кыргызстандагы бардык массалык маалымат каражаттары шайлоо алдындагы үгүт иштерин жүргүзүү боюнча мыйзамдарды бузууда,- деп билдирди 22-февралда өткөн маалымат жыйынында Медиа өкүл институтунун жетекчиси Шамарал Майчиев. Анын айтымында, көп маалымат каражаттары үгүт иштерин мыйзамда көрсүлгөн мөөнөттөн мурда башташты жана айрым журналисттер тиги же бул талапкердин кызыкчылыгын жактаган маанайдагы маалыматтарды берип жатышат. Ал эми «Интерньюс-Кыргызстан» коомдук бирикмесининин жетекчиси Эльвира Сариева журналисттер талапкерлер тууралуу маалымат берүүдө өз пикирин таңуулагандыгы байкалып жаткандыгын билдирди.

XS
SM
MD
LG