Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

ООГАНСТАНДА ЖАШОО ООР


Бириккен улуттар уюмунун Өнүгүү программасы менен Кабул өкмөтү дүйшөмбү күнкү биргелешкен докладында өлкөдөгү жакырчылык проблемасы тезинен чечилбесе, Ооганстанда кайрадан башаламандык өкүм сүрүп калышы ыктымал деп кооптонуу менен эскертет. “Ооганстандын улуттук өнүгүүсү” деп аталган доклад өлкөнүн экономикасы менен коомун иликтөөгө алган.

Ооганстан былтыр БУУнун Өнүгүү программасы (UNDP) тарабынан дүйнөдөгү эң жакыр өлкөлөрдүн катарына киргизилген. 177 мамлекеттен турган тизмеде Ооганстандан кийин Африкадагы 5 өлкө гана жайгашкан.

Дүйшөмбү күнү жарык көргөн доклад көз карандысыз иликтөөчүлөрдүн 2 жылдык эмгегине негизделген. Отчет БУУ менен Кабул тарабынан каржыланды.
БУУнун Өнүгүү программасынын кызматкери Зеферин Диабре баяндаманын жарык көрүшүнө арналган жыйында жумушсуздук, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана жакырчылык маселелери чечилбесе, өлкө алга жылбай эле, эски күндөргө кайтат деп билдирди.

Президент Хамид Карзай докладка кириш сөз жазып, бул эмгек 20 жылга созулган согушту башынан кечирген өлкөдөгү кырдаалды жакшы сүрөттөйт деп белгилеген.
Карзайдын ырастоосунда, өкмөт баяндамада айтылган кээ бир нерселерге макул эмес. Бирок айрым сунуштар өлкөнүн келечегин аныктоо иштерине салым кошот.

Докладда келтирилген статисткага кайрылсак, өлкөдө адамдардын өмүрүнүн узундугу, орто эсеп менен алганда, 44 жашты түзөт. Борборазиянын башка мамлекеттеринде бул көрсөткүч 20 жылга жогорураак.

Өлкөдөгү чоң кишилердин үчтөн бир бөлүгү эле сабаттуу. Балдардын үчтөн эки бөлүгү мектептерге барышпайт. Кыздар арасында болсо бул сан мындан да төмөн.
Ар бир жарым саатта Ооганстанда бирден аял төрөттөн же кош бойлуулук учурунда күчөп кеткен оруулардан көз жумат.

5 жашка чыга элек балдардын 20 проценти ар кандай илдеттерден чарчап калышат. Согуш учурунда болсо 300 миңге жакын жаш бала набыт болгон.

БУУнун Азык-түлүк программасынын (WFP) басма сөз өкүлү Маартан Рууст Ооганстандын эң жакыр Бадахшан чөлкөмүндө иштеп келген:

- Саясий прогресске карабай, элдин гуманитардык муктаждыктары эбегейсиз чоң экенин унутпаш керек. Тамак-аш өтө тартыш болгон жерлерде биздин уюм жакыр-жалчыларга жардам берип келатат, - дейт Рууст.

Бир катар соопчулук уюмдары эң негизги азык-түлүктү, мисалы, суу май же буудайды балдары мектептерге жазылган үй-бүлөөлөргө же мугалимдерге таратып, сабатсыздыкты жоюуга жардам берип келатышат.

XS
SM
MD
LG