Бирок бул үчүн АКШ позициясын өзгөртүшү керек. Түндүк Кореянын маалымат агенттиги таркаткан кабарга ылайык, өлкөнүн лидери Ким Чэн Ир Кытай компартиясынын жогорку даражалуу өкүлү менен жолугушкан учурда ушундай деп билдирген. Түндүккорей лидери АКШнын позициясы ишеним жаратса, Пхеньян талкууларга кайра катышканга даяр экенин ырастаган. Пхеньян Вашингтонду карасанатайлыгы үчүн айыптап жүрөт жана өзүнүн атомдук программасы жөнүндөгү алты тараптуу сүйлөшүүлөрдөн чыкканын жакында жарыялаган эле.