Кечээ Брюсселде НАТОнун саммити өз ишин аяктады. Альянстын баш катчысы Яап де Хооп Схеффер билдиргендей, альянска мүчө 26 өлкө тең Ирак улуттук армиясын түзүүгө көмөк көрсөтүшөөрүн убада кылышты. Анткен менен Франция жана Германия өңдүү Ирак согушуна каршы айрым европалык мамлекеттер Иракка өздөрүнүн аскерлерин жибербей тургандыктарын билдирип, операцияны сырттан гана каржылоого колдоо көрсөтүү менен чектелишээрин айтышты.
- НАТО жалпы эле тарыхтагы эң ийгиликтүү альянс. Унутпаңыздар: дүйнө тарыхындагы эң ийгиликтүү альянс. НАТОнун күчү менен Европа бирдикте жана тынчтыкта жашап келатат, - деди АКШ президенти Жорж Буш.
Бүгүн ал Германияда немец канцлери Герхард Шредер менен жолугушат. Анын алдынан нечец канцлери маалымат каражаттарына билдиргендей, ал Иран маселеси тынчтык жолу менен чечилет ко деген үмүттө.
НАТОнун саммитине Украинанын президенти Виктор Ющенко да катышты. Ал өз сөзүндө Украинаны Евробиримдиктин жана Түндүк атлантикалык альянсынын курамындагы мамлекет катарында көрөөрүн айткан. Бирок НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер анын мүчөлүгү тууралуу так датаны аныктоодон баш тартты жана “азырынча Украина көп реформаларды ишке ашырышы керектигин, аларды аткаруу мамлекет үчүн оңой болбостугун” айтты.