Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:57

Карабуурада соттук териштирүү аяктады


ТАЛАС. Шайлоочу Сүйүмкан Байышева сотко берген доо арызында №56 Карабуура шайлоо округунун депутаттыкка талапкер Чолпон Абдуллаеванын ишенимдүү адамдары Кызыладырда 105 адамга сый тамак беришкендиги, Караарча, Акшат айылдарында акча, ун таратышкандыгы, Шекердеги мечиттин курулушуна шайлоодон кийин 45 миң сом берүүгө убада берилгендиги, үгүт баракчалары, чөнтөк календарлары мыйзам бузуу менен чыгарылгандыгы жазылган. Эки күндүк соттук териштирүүнүн жыйынтыгында шайлоочу Байышеванын арызы канаттандырылган жок. Шайлоочунун соттогу өкүлү Мирлан Жээнчороевдин пикиринде, соттук териштирүү адилетсиз өттү.

XS
SM
MD
LG