Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:19

Бишкек -Каракол –Талдысуу жолун пикетчилер эки күн тосушту


КАРАКОЛ. Жолдун дал ортосуна тигилген бозүйдүн, чатырлардын боорунда “Окружком мыйзамды бузганың үчүн сот алдында жооп бересиң”, “Үкөн Исаева элдин тагдыры менен ойнобоңуз”, “Элдин биримдигин бузбагыла” деген чакырыктар жазылып, пикетчилер Садыр Жапаровдун талапкерлик укугу калыбына келтирилишин талап кылышты. КДК саясий партиясынын райондогу координатору Нурдин Кожогулов эл адилет шайлоону талап кылып жатат деген оюн айтты:
- Бул жерде эки күндөн бери турган эл мыйзам чегинде, таза, акыйкат шайлоо өтүүсүн талап кылып турушат. Бул жерде мыйзам бузуулар ар бир саат, ар бир мүнөттө байкалууда. Эл ушул жерде эки күндөн бери жол тосуп эки жакка адамдарды өткөрбөй, талабын мыйзам чегинде ишке ашырып берүүсүн гана талап кылып турушат.

XS
SM
MD
LG