Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:28

Жогорку сот төрагасы губернаторго кайрылды


БИШКЕК. “Нарын облусунун Кочкор райондук сотунун судьясы Акылбек Алжанов ушул күндөрү үй-бүлөсү менен жашаган жеринен башка жерде жашынууга мажбур болууда”. Бул тууралуу өлкөнүн Жогорку сотунун төрагасы Курманбек Осмонов 23-февралда билдирди. Осмонов мырза Нарын облусунун губернатору Шамшибек Медетбековго соттун коопсуздугун камсыз кылууну өтүнүп кайрылгандыгын маалымдады. 21-февралда Кочкор райондук сотунун судьясы Акылбек Алжанов Жогорку Кеңешке талапкер Акылбек Жапаровду шайлоодон четтеткен чеим чыгарган. Ушул эле күнү Нарын облусунун губернатору дубандын прокуратура жана тартип коргоо органдарына Кочкор районунда түзүлгөн кырдаалды жөнгө салуу боюнча буйрук берди. Акылбек Жапаровдун аппеляциялык арызы Жогорку сотто 24-февралда каралат.

XS
SM
MD
LG