Америкалык сенатор Жонн Маккейн кечээ президент Хамид Карзай менен жолуккандан кийин америкалык базаларды Ооганстанда туруктуу калтырууга чакырган эле. Карзайдын маалымат катчысы Жавед Лудин Кошмо Штаттары менен узак мезгилдүү стратегиялык алакаларга оң көрүнүш деп баа берди. Ошол эле убакта АКШ Ооганстанда туруктуу базасын кармашы үчүн, парламенттин макулдугун алуу керек болот деди. Ооганстанда парламент быйыл жылдын аягында шайланышы керек.