Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:59

25-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын алдын ала маалымдоо борборунун кабарлоосуна караганда, 25-февралда күндүз Кыргызстандын айрым аймактарында, түнкүсүн көпчүлүк жерлерде кар жаайт.
Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот.

Абанын температурасы:
ЫСЫККӨЛ ойдуңунда түнкүсүн -2...-7 градус суук, күндүз 0...+5 градус жылуу.
ТАЛАС дубанында түнкүсүн -4...-9 градус суук, күндүз -4 градус сууктан +1 градуска жылуу болушу күтүлөт.
ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН, ОШ облустарында түнкүсүн -1ден...-6 градуска чейин суук, күндүз 0...+5 градус жылуу.
НАРЫН аймагында түнкүсүн -15...-20, күндүз -2...-7 градус суук.
ЧҮЙ өрөөнү боюнча абанын температурасы түнкүсүн -3...-8 градуска суук болот. Күндүз -2 градус сууктан +3 градуска чейин жылуу.
Ордо калаа БИШКЕКТЕ мезгил-мезгили менен кар жаайт. Түнкүсүн
-5...-7 градус суук, күндүз 0...+2 градустун айланасында жылуу.

Кабарларды Бурулкан Сарыгулова, Бакыт Аманбаев жана дубандардагы кабарчылар даярдашты

Редактор Чолпон Орозобекова

XS
SM
MD
LG