Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:49

Коммунисттик символдорду тыйуу аракети ишке ашпады


Евробиримдиктин адилет жана ички иштер министрлери шериктештиктин бардык өлкөлөрүндө нацисттик символдорду колдонууга тыйуу салуу сунушун колдогон жок.
Өткөн айда Британ ханзадасы Гарринин нацисттик эн белгичен сый кечеге барган сүрөтү жарыялангандан кийин Европарламенттеги германиялык депуттар берегидей символдорду тыйууну сунуш кылышкан эле.
Биримдикке мүчө бир катар өлкөлөрдүн өкүлдөрү свастика сыяктуу символдорду тыйуу пикир билдирүү эркиндигин бузат деп, сунушка каршы чыгышты.

Словак, чех, мажар жана литвалык парламентарийлердин орок-балка сыяктуу коммунисттик символдорго тыйуу салуу сунушу да колдоо таппады.

XS
SM
MD
LG