Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:56

Ошто сөз эркиндиги боюнча билдирүү таратылды


ОШ. “Конституциябыздын гаранты президент Аскар Акаевдин акыркы кездеги кайрылуусу жана ишарааты Ак үйдүн алабарман атка минерлеринин көк союулуна айланды. Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов өзү баштап эркин маалымат каражаттарын куугунтуктап, жок кылууга аттанышты”. Мындай билдирүүнү Ош шаарындагы «Массалык маалымат каражаттарын өнүктүрүү жана журналисттердин укугун коргоо» коомдук кору таратты. Бул билдирүүдө «МСН» гезитине карата соңку аракеттери, «Азаттык» радиосунун айрым толкундарда обого чыкпай калышы сөз эркиндигин куугунтуктоо жана муунтуу катары бааланган. Коомдук корудун өкүлдөрү бул кайрылуусунда мамлекет башчысын өтө терең акыл калчап, мындай мыйзам бузууларга чукул арада бөгөт койууга чакырып, мындай көрүнүштөр эл аралык чөйрө алдында Кыргызстандын абройун кетирээрин эскертишет.

XS
SM
MD
LG