Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:56

“МСНге” каршы сот жылдырылды


БИШКЕК. 25-февралда Октябрь райондук соту «Вечерний Бишкек» гезитинин жана анын башкы редактору Ольга Безбородованын көз карандысыз «МСН» гезитине каршы берген доо арызын кароону улантмак. Бирок доогер Безбородованын сотко келбей калышына байланыштуу ишти кароо 2-мартка которулду. Райондук соттун имаратынын алдында бул күнү карама-каршы багыттагы эки түрдүү пикет болду. Алардын бир тобу «МСН» гезитин жабууну талап кылса, экинчи тобу тескерисинче эркин гезиттен жана «Азаттык» радиосунан колуңду тарт” деген плакаттарды көтөрүп турушту. Көз карандысыз «МСН» гезитине каршы сот жараяны 16-февралда башталып, аны улантуу 25-февралга белгиленген эле. Көз карандысыз басылманын өткөн жылдагы макаласы үчүн «Вечерний Бишкек» гезити соттон өз пайдасына 7 миллион 300 миң сом өндүрүп берүүнү суранган.

XS
SM
MD
LG