РИГА. Латвия коомдук жайларда чылым чеккенге тыйуу салган мыйзамды кабыл алды. Келерки жылдан баштап, Латвияда жумуш орундарында эле эмес, иш кеңселери жайгашкан имараттардын алдында жана коомдук жайларда чылым чеккенге тыйуу салынат. Ишканалар менен иш кеңселеринде чылым чеккендерге өзүнчө жабык бөлмөлөр бөлүнүп берилет. Латыш өкмөтүнүн бул чарасы Европа өлкөлөрүндө чылым чегүүгө каршы жүргүзүлүп жаткан өнөктүктөгү соңку чаралардын бири болуп калды. Мындан мурда ушундай эле мыйзамдар Ирландия, Италия жана Норвегияда киргизилген. Чылым чегүүгө тыйуу салууну Шотландия дагы караштырууда.
Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары
Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары