Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:31

Түштүк Кореянын президенти сабырдуу мамилеге чакырды


СЕУЛ. Түштүк Кореянын президенти Но Му Хен Түндүк Кореянын ядролук куралдарды бар экендиги жөнүндөгү билдирүүсүнө сабырдуу мамиле кылууга чакырды. Бүгүн Түндүк Корей парламентинде сүйлөгөн сөзүндө Но Му Хен:
- Күтүлбөгөн нерсе болду. Бирок андан дээрлик эч нерсе өзгөрүп кеткен жери жок. Проблемаларды сабырдуулук менен чечели. Ийкемдүү болуу менен бирге принципиалдуу позициядан тайбайлы

Ишенби күнү Сеулда Түштүк Корея, Япония жана АКШнын өкүлдөрү жолугуп, Түндүк Кореянын ядролук програмасы жөнүндөгү көп тараптуу сүйлөшүүлөрдү кайрадан жандантуунун жолдорун талкуулашат.

XS
SM
MD
LG