Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:27

Американын соту ЮКОСтун арызын кароодон баш тартты


МОСКВА. Бүгүн Москвадагы банктар аралык биржада ЮКОС мунай компаниясынын акцияларынын баасы үч эле мүнөттүн ичинде 22 процентке арзандады. Буга Американын сотунун ЮКОС мунай компаниясынын банкрот болуусу жөнүндөгү арызын кароодон баш тарткандыгы себеп болду. Компания Американын соту аркылуу өзүнүн негизги ишканасы "Юнганснефтегаздын" сатылып кетүүсүнө каршылык билдиргенге аракеттенген эле.
Москванын Мешан сотунда ЮКОСтун мурдагы башчысы ишкер Михаил Ходорковскийдин иши каралууда. Ага алдамчылык кылган, салык төлөөдөн качкан деген кине тагылып жатат. Бүгүн Ходорковский сотто өзүнө койулуп жаткан айыпты кайрадан четке какты.

XS
SM
MD
LG