Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Тогузторолук шайлоочулар президентке кайрылуу жолдошту

ЖАЛАЛАБАД. Кайрылууда айтылганга караганда, Тогузторо районунда туулуп өскөнү менен шайлоого чейин райондон бир күн да кабар албаган өкмөт жана облустук бийликтеги жооптуу кызматкерлер №25 Караүңкүр шайлоо округунан талапкер Курманбек Бакиевге каршы элге сый-тамак уюштуруп, түрдүү ушак-айың, жалган маалыматтарды таратышып, Бакиевге добуш бербегенге үндөшкөн. Ал эми кар калың түшүп, байланыш үзүлгөн Көндүк участкасында шайлоочулар добуш бере албай калуу коркунучу бар. Тогузторолук шайлоочулар жазганга караганда, 22-февралда райакимдин көрсөтмөсү менен талапкердин шайлоочулары менен жолугушуусуна тоскоолдук кылыш үчүн Казарман-Макмал жолунун 45-50-чакырымына жасалма көчкү түшүрүлгөн.
XS
SM
MD
LG