Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:09

Элдик кыймыл АКШ жана Орусия бийлигине кайрылды


БИШКЕК. Кыргызстан Элдик Кыймылынын саясий кеңеши АКШнын президенти Жорж Бушка, АКШ Конгрессине, Орусия президенти Владимир Путинге жана Мамлекеттик Думага кайрылуу жолдоду. Анда Кыргызстанда эркин маалымат каражаттарга жана көз карандысыз журналисттерге одоно түрдө кысым көрсөтүлүп, бийлик ар кандай мыйзам бузууларга баруу менен өлкөдөгү коомдук кризисти тереңдетип жатат деп айтылган. Кайрылуу ээлери бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамсыз аракеттери өлкөдөгү чоң башаламандыкка алып келээрин эскертишкен. Кыргызстан Элдик кыймылынын саясий кеңеши Жорж Буш менен Владимир Путинден, ошондой эле Конгресс менен Мамлекеттик Думадан Кыргызстандын жетекчилигине натыйжалуу таасир көрсөтүүнү өтүнүшкөн.

XS
SM
MD
LG