Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:45

Эл аралык уюмдардын өкүлдөрү байкоо салышат


БИШКЕК. Кыргызстандагы парламенттик шайлоого 695 чет өлкөлүк көз карандысыз байкоочу катышат. Алар негизинен ЕККУга мүчө өлкөлөрдүн жана КМШ, Шанхай кызматташтык уюмуна кирген мамлекеттердин өкүлдөрү. Шайлоого 20 эл аралык уюмдун өкүлдөрү да байкоо жүргүзөт. Шайлоолорго байкоо жүргүзүү боюнча Европадагы уюмдар түйүнү тарабынан келген байкоочулар өлкөдөгү 30 шайлоо округунда шайлоонун өтүшүнө байкоо салышат. Чет өлкөлүк көз карандысыз байкоочулар облустардагы шайлоо округдардын дээрлик бардыгында да байкоо жүргүзүшөт. Бул тууралуу Борбордук Шайлоо комиссиясынан маалымдашты.

XS
SM
MD
LG