Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:14

Тоңдо шайлоо 13-мартка жылдырылды

БИШКЕК. Ысыккөл облусунун №75 Тоң аймактык шайлоо окуругунда Жогорку Кеңешке шайлоо 2005-жылдын 13-мартына жылдырылды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы 26-февралда токтом кабыл алды. Буга №75 Тоң шайлоо округундагы шайлоо участкаларынын даяр эместиги жана аталган райондо Балыкчы-Каракол автожолун тосуп алган нааразылык чараларына байланыштуу Тоң округдук шайлоо комиссиясынын чечими негиз болгон. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
XS
SM
MD
LG