БИШКЕК. Ыссыккөл облусунун Тоң районунун акими Нурбек Алиев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу 26-февралда президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. Тоң райондук администрациясынын имаратын 22-февралдан 25-февралга чейин нааразылык чарасынын катышуучулары ээлеп алышкан. №75 Тоң шайлоо округунан өз талапкерлигин көрсөткөн Арсланбек Малиевдин жактоочулары райондук администрациянын имаратын 25-февралда түнкү 12ге жакын гана бошотушкан.