Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:46

Иракта америкалык аскерлер тартип орнотууда


Ирактагы америкалык аскерлер алты күндөн бери өлкөнүн ал-Анбар провинциясында тартип орнотуу аракеттерин көрүүдө. Андан бери провинцияда 155 адам камакка алынды, алардын элүү бири жума күнү кармалды. Ирактын убактылуу өкмөтү кечээ күнү тараткан маалыматка караганда, өткөн жекшемби күнү Ирак менен Сириянын чек арасында Абу Кутайба деген адам кармалган, ал согушкерлердин башчысы Абу Мусаб аз-Заркавинин жардамчысы деп айтылууда, Заркавинин өзүнүн башы үчүн АКШ 25 миллион доллар сыйлык жарыялаган. Бүгүн Багдад шаарында бомба жарылгандан эки карапайым адам набыт кетти.

XS
SM
MD
LG