Мисирдин президенти Хосни Мубарак бүгүн атайын билдирүү жасап, ал конституцияга жаңы кошумча киргизүүнү сунуштаганын жарыялады. Мындан ары президенттик шайлоого бирден ашык талапкер катышууга тийиш:
- Саясий партиялардын президенттик шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу үчүн, мен шайлоо учурунда талапкерлерге коюлган негизги шарттарды жумшартууну чечтим, - деди президент Мубарак.
Конституциялык өзгөртүүнү парламент даярдаш керек жана маселе боюнча жалпы элдик референдум өткөрүлөт. Келерки президенттик шайлоо Мисирде сентябрга белгиленген, Мубарак 24 жылдан бери Мисирдин президенти жана бул мезгилдин ичиндеги шайлоонун баарында жалгыз өзү талапкер болчу.