Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Иранда атом станциянын ачылышы кийинкиге калтырылды


Бүгүн Тегеранда Иран менен Орусиянын Өзөктүк кубат агенттиктеринин башчылары Голамреза Агазаде менен Александр Румянцев жолугуп, Бушер провинциясында курулуп бүткөн атом электр станциясына Орусиядан өзөктүк отун алып келүү келишимине кол коймок, бирок ал кийинкиге калтырылды. Иран тараптын айтымында, кол коюу жекшемби күнү болушу мүмкүн. Бушердеги станциянын курулушу менен байланыштуу АКШ Маскөөнү да күнөөлөп, анын жардамы менен Иран өзөктүк куралга жетиши мүмкүн деп айтып келет, орус өкмөтүнүн айтымында болсо, Бушерде иштетилген өзөктүк отундун калдыктары кайрадан Орусияга жөнөтүлөт.

XS
SM
MD
LG