Добуш берүүнүн жүрүшүнө эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар көзөмөл салышты. Борборшайлооком өнөктүк учурунда орой тартип бузуулар болбогонун маалымдады. Бирок, оппозициянын жетекчилиги бир катар калпыстыктар болгонун айтышууда.
Оппозициянын беделдүү өкүлү Роза Отунбаева добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоо аракети нааразычылык акцияларына алып барышы мүмкүн экенин эскертип, бийликтерди оппозициянын интернет-вебсайтын жапты, басылмаларды таратууга тоскоол кылууда деп күнөөлөдү:
-Эң маанилүү керектүү сайттардын баары: "Eurasia," "Central Asia" and "Gazeta.kg" жабылды...
АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стифен Янг шайлоо демократиянын стандартына ылайык өтпөсө, эки өлкө арасындагы алакага зыян келтириши мүмкүн экенин эскертти.
Президент Акаев бүгүн эле дагы бир мөөнөткө барбасын жана конституцияны өзгөртүү ыкласы жок экенин шардана кылды.