БАТКЕН. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Авазбек Жамаловдун билдиргенине караганда, саат кечки төрткө чейин 214 миң 436 шайлоочунун 105 миң 568 же 49,23 пайызы добуш берүүгө катышты. Жогорку Кеңештин депутаты ушул облустагы алты шайлоо округунан бардыгы болуп отуз үч талапкер атсалышууда.
Облус аймагында шайлоонун журүшүнө Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун сегиз байкоочусу, КМШ аткаруу комитетинин кеңешинин өкүлү Игорь Барковский жана Тажикстандын кошуна Соңду облусунан эки байкоочу көз салууда. Мындан сырткары «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын 151, «Акыйкат процесс бейөкмөт» уюмунун 184 байкоочусу шайлоонун жүрүшүн көзөмөлдөөдө. Аталган коалициянын облустук бөлүм жетекчиси Карамат Орозованын маалыматына караганда, көпчүлүк шайлоо участкаларында техникалык каталарга жол берилүүдө. №13 Лейлек шайлоо округунда тизмелер боюнча тактоо иштери начар жүргүзүлүп, айрым көчөдөгүлөр шайлоочулар тизмеге кирбей калган. №15 Айдеркен шайлоо округунда болсо көзү өткөн адамдар да тизмеге кирип калган учурлар бар. «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы облустагы төрт шайлоо округунда добуштарды жарыша эсептөөнү жүргүзөт.