БИШКЕК. Кыргызстандагы парламенттик шайлоо олуттуу мыйзам бузуулар менен коштолду жана Аскар Акаев баштаган аткаруу бийлик өкүлдөрүнүн адилет шайлоо өткөрөм деген убадасына ишенүүгө болбойт. Мындай пикирин дүйнөгө белгилүү нарколог дарыгер Жеңишбек Назаралиев 27-февралда «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда билдирди:
- Демократия деп жатат, бүт бардыгы калп. Бардык газеталар жана телеканалдар бир адамга баш ийет. Мындай болбойт да. Ошондуктан бүгүнкү шайлоонун бардыгы жалган.
Ошондой эле, Жеңишбек Назаралиев «учурда мамлекет башчы Аскар Акаев өзүнүн, үй-бүлөө мүчөлөрүнүн топтогон байлыгын коргоп калуу үчүн бийликти эч кимге бергиси келбей жатат жана президенттик шайлоого чейин Башмыйзамды өзгөртүү жолу менен келечекте да бийликте калууга аракеттенет» деген оюн кошумчалады.
Белгилей кетүүчү нерсе мамлекет башчы Аскар Акаев болсо, өзүнүн келечекте бийликте калбай тургандыгын буга чейин бир нече курдай коомчулук алдында кайталап келет.