Лос-Анжелесте америкалык киноакадемиянын “Оскар” сыйлыгын тапшыруу аземи бүттү. Быйыл “Оскарга” көрсөтүлгөн кинотасмалардын арасында америкалык ишкер Ховард Хьюз жөнүндөгү “Авиатор” филми 11 номинация боюнча сыйлыкка талапкер деп көрсөтүлгөн, бирок акыр аягында беш эле “оскарга” татыды. Бул өңдүү мыкты тасмалардын катарында “Миллион доллардык кыз” деген фильм да бар. Бул тасма,чынында, көп номинация боюнча ийгиликтерди жарата алды. “Жылдын мыкты фильми”, “Жылдын мыкты акстрисасы”, “Экинчи пландагы мыкты роль” үчүн тасма сыйлыктарды ала алды.
“Жылдын мыкты актеру” номинациясы боюнча жеңишке “Авиатор” филминде көптөр башкы ролдо ойногон Леонардо Дикаприо жешет ко деп болжошкон эле. Бирок сыйлыкты “Рей” тасмасында ойногон Жеми Фокс утуп алды.
Ал эми экинчи пландагы мыкты оюндары үчүн “Авиатор” филминде ойногон Кейт Бланшет жана “Миллион доллардык кыз” тасмасындагы Морган Фриман “Оскардын” ээлери болуп калышты.
Таңкы жаңылыктарды Прагадан Төрөкул Дооров даярдады