Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:01

ШКУ шайлоого канааттануу билдирди


БИШКЕК. Кыргызстанда парламенттик шайлоо конституциялык жана демократиялык бардык нормалардын чегинде өттү, бирок өлкөдөгү «Шайлоо кодекси» өркүндөтүүгө муктаж. Мындай пикирин Шанхай кызматташтыгы уюмунун баш катчынын саясий иштер боюнча орун басары, байкоочулар тобунун жетекчиси Серик Нарыссов билдирди. Шанхай Кызматташтык уюмунун байкоочулары Кыргызстандагы жана Тажикстандагы парламенттик шайлоого алгачкы ирет байкоо жүргүзүүдө. Буга чейин уюмдун байкоочулары Казакстанда, Өзбекстанда болушкан. Нарыссовдун билдиргенине караганда, уюмдун 6 байкоочусу 18-февралдан бери Кыргызстандагы саясий партиялардын, коомдук уюмдардын, шайлоочулардын жана БШКнын өкүлдөрү менен жолугушкан. Шайлоо күнү Бишкек шаарында, Аламүдүн жана Ысыката райондорунда 50 дөн ашык добуш берүү участокторунда болушкан.

XS
SM
MD
LG