БИШКЕК. 27-февралда өткөн парламенттик шайлоодо депутаттык укукка ээ болгондордун арасында бир дагы аял катталган жок. Парламенттик шайлоонун 13-мартта боло турган экинчи айлампасына үч аял катышаары белгилүү болду. Парламенттик шайлоого талапкер катары 41 аял катышкан. Борбор шайлооком ысымын жарыялаган 31 депутаттын 8и «Алга, Кыргызстан», бирөө «Адилет» партиясынан экендиги жарыяланды. Ушул эле күнү №3 Гагарин шайлоо округунан талапкер Токтайым Үмөталиева «Адилет» саясий партиясынын парламентте ээ болгон мандатын жокко чыгаруу сунушу менен сотко кайрылаарын билдирди. Анын айтымында, бул мандатка ээ болуу үчүн партия административдик кысым көрсөттү, буга байланыштуу 100 чамалаш акт түзүлдү.