Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:11

Өкмөт шайлоо боюнча убадасына турган жок


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү 2005-жылкы шайлоону таза, ачык-айкын, адилет өткөрүү жөнүндө эл аралык уюмдарга берген убадасын толук аткарган жок. Шайлоого байкоо жүргүзгөн «Жарандык коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму ушундай алдын ала тыянак чыгарды. 7 бөлүктөн турган бул тыянакта шайлоо акыйкат өтпөгөндүгү белгиленген. Отчетто белгиленгенге караганда, көптөгөн шайлоочулар тизмелеринин жоктугуна байланыштуу шайлоого катышпай калышты, ал эми чет өлкөдө жүргөндөр добуш берүү укуктарынан ажыратылды. Бейөкмөт уюм билдиргенге караганда, добуш сатып алуу ачык да, жашыруун да жүрдү, байкоочуларга жасалма чектөөлөр, анын ичинде маалымат алууга тоскоолдуктар болду.

XS
SM
MD
LG