Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:27

Европалык байкоочулар кемчиликтерди белгилешти


БИШКЕК. Бишкекте Шайлоолорго байкоо жүргүзүүнү уюштуруу боюнча Европа тармагынын (EMENO) байкоочулары Кыргызстандагы парламенттик шайлоого өз баасын берди. Байкоочулар шайлоочуларды добуш берүүгө мажбурлоо, жергиликтүү жана мамлекеттик бийликтин киришүүсү, шайлоочуларды участокко алып барууну уюштуруу, добуш берүүнү сатып алуу өңдүү 10 бөлүмдөн турган кемчиликтерин белгилеген. Европа тармагынын байкоочулары талапкерлерге бирдей укук берүүнү, калкка маалымат жеткирүүнү, округдук шайлоо комиссияларын жана анын башчыларын шайлоодо тең салмактуулукту сактоону, эл аралык байкоочуларды каттоону бийликтин чектөөлөрүнө көз каранды кылбоону сунуштады. Шайлоолорго байкоо жүргүзүүнү уюштуруу боюнча Европалык бул уюмга мурдагы Советтер Союзунун курамына кирген 16 өлкөдөн бейөкмөт уюмдар мүчө. Кыргызстандагы парламенттик шайлоого алардын атынан 30 байкоочу келген.

XS
SM
MD
LG