Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Оппозиция жыйынына тоскоолдуктар болду


БИШКЕК. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгаруу үчүн 28-февралда оппозициялык күчтөрдүн өкүлдөрү Бишкектеги Максим Горький эстелигинин жанына чогулушту. Бул жерге жергиликтүү жана эл аралык журналисттер, байкоочулар жана тартип коргоо кызматтарынын өкүлдөрү да келишти. Ал эми «Атажурт», Кыргызстан элдик кыймылы бирикмелеринин, жаштардын «Келкел» уюмунун мүчөлөрү сары жана кызгылт түстөгү ураандарды көтөрүп турушту. Ураандарда «Биз чындыкты билгибиз келет!», «Биз таза шайлоону жактайбыз!» «МСН-элдин абийири!», «Азаттык» – элдин үнү!» өңдүү сөздөр жазылган. Бирок, иш чара башталаар алдында жоон топ киши ага тоскоолдук жасашты. Митингди аралап, плакаттарды тытууга, чыр чыгаруу аракеттеништи. Кийинчерээк митингге айланган бул иш чарада мындай аракетти оппозиция өкүлдөрү бийлик тарабынан уюштурулган чагым катары баалашты:

- Учурда Бишкекте абдан көп жүргөн Эл аралык байкоочулардын, журналисттердин көзүнчө кандайдыр кагылышууларды жаратуу үчүн момундай чагым уюштуруп жатышат, - деди «Кыргызстан элдик кыймылынын» маалымат катчысы Замира Сыдыкова. Бишкек шаардык ички иштер кызматынын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтымында, бул иш чара мыйзамга каршы келбейт жана чагымга ырасмий бийликтин тиешеси жок.

XS
SM
MD
LG