Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:18

Асад Вашингтон Сирияга чабуул жасашы ыктымал деп эсептейт


Сириянын президенти Башар Асад италиялык “La Republica” гезитине берген интервьюсунда АКШ анын өлкөсүнө каршы аскерий акция башташы мүмкүн деген божомолун ортого салды.
Мындай шектенүү Ирактын оккупациясы аяктаганда эле пайда болгон деди президент.
Асад Вашингтондун азыркы сөздөрү Ирактагы согуш башталаар алдындагы кампанияга окшоп кетет деди.
Ливандын мурдагы өкөмт башчысы киши колдуу болгондон бери Ак Үй Дамаскиге дипломатиялык кысымын күчөттү.
Башар Асад Харирини жок кылуу Сирия үчүн “саясий жан кечтиликке” барабар болот эле деп ырастады.
АКШ Дамаск Ливандагы аскерлерин чыгарып кетүүгө тийиш деп талап кылып жатат.

XS
SM
MD
LG