БИШКЕК. Кыргызстандын Казакстанга газ үчүн карызы 14 миллион долларга жетти. Бул тууралуу 1-мартта Казакстандын Кыргызстандагы элчиси Умурзак Узбеков АКИ-пресс агенттигинде өткөн маалымат жыйынында жарыя кылды. Ал мындан тышкары Казактандын Шардара суу сактагычынан суу ашып, айланасындагы бир катар айылдарды каптап жаткандыгын билдирди. Анын билдирүүсү боюнча, буга Токтогул суу сактагычынан секундасына 70 миң куб метр суунун ашыкча кетип жаткандыгы өбөлгө түзүүдө. Кыргызстан менен Казакстандын ортосунда февраль айынын башында кол коюлган протокол боюнча кыргыз тарап Токтогул суу сактагычынан аккан суунун көлөмүн секундасына 600 миң куб метрден ашырбаш керек. Бирок, суукта электр энергиясынын көп пайдалануудан улам электр энергиясын көп иштетүүгө мажбур болуп, сууну көп чыгарууга аргасыз болгон.