Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:04

Тизменин так эместиги шайлоого таасир этти


НАРЫН. Шайлоочулардын тизмесинин так эместигинен Нарын облусунун көптөгөн шайлоо участкаларында кошумча тизме менен добуш берүүнүн көрсөткүчү 10% чейин жеткен. Мындай маалыматты облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Аманкул Молдалиев 1-марттагы маалымат жыйынында билдирди. Төраганын айтымында, облустагы шайлоочулардын 66 гана пайызынын добуш бериши төмөнкү көрсөткүч. Алардын дээрлик үчтөн бир бөлүгүнүн шайлоого келбешине тизменин так эместиги жана шайлоо участкаларынан алыстагы кыштоолордогу шайлоочулардын добуш берүүсү үчүн жеңил үкөктөрдү жеткирүүгө тыюу салынышы негизги себеп болду. Округдар арасынан Атбашыда шайлоого 70,4 пайыз шайлоочу келсе, Акталаа, Жумгал округунда бул көрсөткүч 63 пайызды түзгөн. Шайлоо күнү 99 оозеки жана телефон аркылуу кайрылуу болгону менен облустук шайлоо комиссиясына кагаз жүзүндө бир да билдирүү же арыз түшкөн эмес. Аманкул Молдалиевдин пикиринде, шайлоочулардын тизмесин тактаганга олуттуу маани бербеген айрым айыл өкмөттөрдү жоопко тартуу керек.

XS
SM
MD
LG