Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

Өкмөт башчы парламенттин жаңы курамына ыраазы


БИШКЕК. “Биринчи жолу кыргыз парламентине билимдүү адамдар келатат. Алардын кээ бирөөлөрүнүн экиден жогорку билими бар, алардын арасында турмушту жакшы билген ишкерлер көп”. Мындай пикирин өкмөт башчы Николай Танаев 1-мартта Испаниянын «Ла Вангуардия» газетасына берген интервьюсунда билдирди. Премьер- министр ошондой эле жаңы парламент өлкөнүн өнүгүшү үчүн зарыл болгон мыйзамдарды кабыл алып, мамлекетте туруктуулукту камсыз кылуучу органга айланарына үмүтүн билдирген. Кыргызстандын экономикалык абалына токтолгон өкмөт башчы ал өсүш жолунда экенин жана бир катар келечектүү долбоорлор бар экенин белгилеген. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

XS
SM
MD
LG