БИШКЕК. 27-февралда болгон парламенттик шайлоо тынч өтүп, атуулдардын өз ыкласы менен тандоосуна шарт түзүлдү. Кыргызстандагы саясий кырдаалга байкоо салган «ПолитАзия» аттуу саясат талдоо борбору мына ушундай билдирүүсүн жарыя кылды. Ал тууралуу 1-мартта «Кыргызинфо» агенттиги кабарлады. Кабарга караганда, «ПолитАзия» саясат талдоо борбору 2002-жылы шайлоону таза, ачык өткөрүү максаты менен түзүлгөн. Шайлоо алдында талапкерлер, массалык маалымат каражаттарына байкоо салып, добуш берүүнү аталган борбордун 60 байкоочусу көзөмөлдөгөн. Натыйжада, байкоочулар радикалдуу көз караштагы талапкерлерди эл колдобой калды, анткени, куру убада менен сындан эл тажады деген бүтүмгө келишкен. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Николай Байло «ПолитАзия» деген борбор тууралуу такыр укпагандыгын жана ал шайлоо алдында кызыкдар тараптын акчасына коомдун аң-сезимин бурмалоо үчүн атайылап түзүлгөн болушу мүмкүн экендигин билдирди. Анын айтымында, оппозиция шайлоодо кандайдыр бир деңгээлде жеңилди десе болот, бирок, Кыргызстанда пайда болгон «шайлоочу товар» деген жаңы рынокто конструктивдүү оппозициянын жеңиши мүмкүн эмес.