БИШКЕК. Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу 1-мартта маалымат жыйынын өткөрүп, 27-февралда болгон парламенттик шайлоого Акыйкатчы институту тарабынан жүргүзүлгөн байкоо тууралуу маалымат берди. Турсунбай Бакир уулунун айтымында, бармакка белги коюу кайталап добуш берүүгө бөгөт кое алган жок. Анткени коюлган белгини жууп салып, кайталап добуш берүү фактылары болду. Акыйкатчы ошондой эле шайлоочуларды сатып алуу фактылары жана кошумча тизме өтө көп болгонун белгиледи. Бирок Турсунбай Бакир уулунун пикиринде, добуш берүү учурунда олуттуу мыйзам бузуулар болгон жок.