БИШКЕК. №32 Атбашы шайлоо округундагы добуш берүүнүн жыйынтыгын жараксыз деп табуу арызы менен бул округ боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин бири Накен Касиев Атбашы райондук сотуна кайрылды. Бул тууралуу 1-мартта Касиевдин ишенимдүү өкүлү Жедигер Саалаев билдирди. Анын айтымында, арыз берүүгө добуш берүү маалында шайлоочулардын добушун сатып алуу, бийликтин шайлоо жараянына түздөн-түз кийлигишүүсү себеп болду. Андан сырткары Атбашы округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын округдук шайлоо комиссиясы ырасмий түрдө жарыялай элек. Анткени комиссиянын 15 мүчөсүнүн 9у жыйынтыктоочу протоколго кол коюудан баш тарткан. «Аларды ийге келтирүү максатында райондун акими жекече сүйлөшүүлөр жүргүзүүдө» деп белгиледи Жедигер Саалаев. Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Галия Алымбекова протоколдор толук иликтене электигин айтуу менен Атбашы округу боюнча маалымат бере албасын билдирди.