Дүйшөмбүдө түнкүсүн Абхазиянын премьер-министри Александр Анквабдын өмүрүнө кол салуу болду. Республиканын Ички иштер министри Отар Кхенсиянын айтымында, премьер-министр Гудавтадагы өзүнүн резиденциясынан Сухумиге кетип бараткан жеринен белгисиз куралчан адамдар анын машинесине ок чыгарышкан.
Кийин Анквабдын машинесине 17 ок атылганы айтылат. Бирок премьер-министр бул окуядан жапа тарткан жок. Бул боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми президент Сергей Багапш тезинен республиканын күч структураларынын жетекчилерин жыйналышка чакырды. Анын айтымында, Абхазияда кырдаалды бийлик толук көзөмөлгө алып турат.