Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:44

Кытай АКШнын адам укуктары боюнча билдирүүсүнө каршы


Кытай бүгүн АКШнын мамлекеттик департаментин ырасмий Бейжинди адам укуктарынын начар абалы үчүн сындаганын айыптады.
Кытайдын Тышкы иштер министринин ырасмий өкүлү “департаменттин бул доклады эки мамлекеттин карым-катнаштарына сокку ургандай болду” деп билдирди.
Анын ишениминде, Кошмо Штаттар Кытайдын ички иштерине кийлигишүүнүн оордуна өздөрүндөгү адам укуктары жаатындагы көйгөйлөргө көз жүгүртсө дурус болмок.
АКШ департаментинин доклады дүйшөмбүдө жарыя кылынган эле. Анда Кытай азырга чейин “көптөгөн жана олуттуу зордуктарды” токтото электиги айтылган. “Түрмөдөгүлөргө каршы аракеттер, диний активисттер менен диссиденттерге” каршы көрүлүүчү иштер көпчүлүк учурда алардын өлүмүнө алып келет” деп айтылат кабарда.

XS
SM
MD
LG