Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:44

Журналист Гонгадзени өлтүргөндөр табылды


Бүгүн Украинанын президенти Виктор Ющенко украин полициясы 2000-жылы журналист Георгий Гонгадзени “өлтүргөн болушу мүмкүн” деп шектелген бир нече адамды камакка алгандыгын кабарлады жана бул кылмыш ишин дээрлик ачылды деп эсептесе болот деди.
Ющенко канча адам камалгандыгы тууралуу так айткан жок. Алар Ички иштер органдарынын чинвониктери экен.
Гонгадзе экс-президент Леонид Кучманын саясатын сынга алган журналист эле. Ал 2000-жылы жоголуп кеткен, эки айдан кийин анын жасаты токойдон табылган. Аны өлтүргөндөр аны мууздап салышкандыгы айтылган.
Анын өлүмү Украинада чоң саясий чатакты жараткан, бирок ал кездеги президент Кучма журналист Гонгадзенин өлүмүнө анын тиешеси бар экенин ишенимдүү четке каккан.

XS
SM
MD
LG